Түркия грек министрге каршылык көрсөттү

Түркия Грециянын тышкы иштер министри Кожиаска каршылык көрсөттү.

769058
Түркия грек министрге каршылык көрсөттү

Түркия, Грециянын тышкы иштер министри Никос Кожиастын Кипр конференциясынан майнап чыкпай калышы боюнча Анкара башкаруучулугун күнөөлөөсүнүн, сүйлөшүүлөрдүн өлкөсүнүн жана Кипрдин Рум тарабынын айынан бузулганын жаап жашыруу аракети болгонун белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы, элчи Хүсейин Мүфтүоглу, Кожиастын 10-июлда Сербиянын тышкы иштер министри Ивижа Дажиж менен Афинада биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында, «28-июн-7-июль күндөрүнүн аралыгында Гранс-Монтанада өткөрүлгөн Кипр конференциясында Түркиянын макулдашылгыс мамиле көрсөткөнү» жөнүндөгү айтымдарынын эч качан кабыл алынгыс болгонун баса белгиледи.

Түркиянын Кипр конференциясынын Гранс-Монтана отурумуна, сүйлөшүү процессинин эң башынан бери көрсөткөн жакшы ниет жана конструктивдүү мамилеси менен Кипр маселесине адилеттүү жана туруктуу кеңири чечим табылышы максатында салым кошконуна көңүл бурган Мүфтүоглу, буларга токтолду: «Конференцияда кайсы тараптардын конструктивдүү мамиле көрсөтпөгөндүгү бардык катышуучуларга белгилүү. Бир тараптан министр Кожиастын маалымат жыйынында айтканы сыяктуу негизсиз күнөөлөөлөрдө болушун жана күнөөлөө оюнунуна кирүүсүн негизинен жат көрүнүш катары караган жокпуз. Чындыгында өздөрүнүн мамилелеринин макулдашуу рухунан толугу менен кем жана конструктивдүүлүктөн алыс экенин билгендер, өздөрүнүн тескерисинче жакшы ниет жана конструктивдүүлүк көрсөткөндөрдү күнөөлөгүдөй негизсиз жана чындыкка жатпаган ойлорду күн тартипке чыгарышат.

Грециянын тышкы иштер министринин Кипр конференциясынан Женевада болгону сыяктуу Гранс-Монтанада да майнап чыкпоосундагы жоопкерчиликти өз мойнуна алгысы келбей Түркияга оодарууга карай пайдасыз аракеттери, сүйлөшүүлөрдүн чындыгында өлкөсүнүн жана Кипрдын Рум тарабынын жакшы ниеттен жана саясий эрктен кем болууларынын себебинен бузулганын жаап жашыруу аракети. Конференциянын оң жыйынтыкталышы үчүн эч бир аракетти кылбаган министр Кожиасты эч болбосо мындан кийин жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз».



Тектеш кабарлар