Президент Эрдоган Германияга барат

Президент Р. Т. Эрдоган Гамбургда боло турган чоң жыйырмалардын лидерлер саммитине катышуу үчүн Германияга барат.

765198
Президент Эрдоган Германияга барат

Президент Р. Т. Эрдоган Гамбургда боло турган чоң жыйырмалардын лидерлер саммитине катышуу үчүн Германияга барат.

Президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматта Эрдогандын 7 – 8 -  июлда Гамбургда боло турган 12 -  чоң жыйырмалардын саммитине катышары билдирилди.

Маалыматта чоң жыйырмалар саммитинин глобалдык күн тартибинин негизги темаларынын арасында орун алган күчтүү, улантууга боло турган, тең салмактуу жана өсүү максатына карата иштерди карап чыгуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк экендиги белгиленди.

Эл аралык соода, өнүгүү, жумуш менен камсыз кылуу, саламаттык,  санариптешүүнүн экономикалык жана социалдык таасири, климаттык алмашуу, террор менен күрөш жана  качкындар кирзиси сыяктуу темалардын да каралышы саммиттин  маанисин арттыргандыгы белгиленип, саммиттин глобалдык күн тартиби жана чоң жыйырмалардын ролуна байланыштуу Түркиянын көз караштарынын президент Эрдоган тарабынан лидерлер менен бөлүшүүсүнө да мүмкүнчүлүк түзөрү билдирилди. Маалыматта Эрдогандын саммиттен улам кээ бир лидерлер жана эл аралык мекемелердин жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү пландагандыгы билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар