Майрамга карата кошумча каттамдар жүргүзүлөт

Рамазан майрамынан улам өзгөчө Стамбулдагы «Ататүрк» менен «Сабиха Гөкчен» аэропортторунан уча турган жүргүнчүлөр аэропортко эрте баруулары керек

758400
Майрамга карата кошумча каттамдар жүргүзүлөт

Түрк авиакомпаниялары Рамазан майрамына карата эс алууда жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн улам кошумча каттамдарды киргизет.

Түрк аба жолдору майрам үчүн ички каттамда 57, тышкы каттамда 26 болуп жалпы 83 кошумча каттам жүргүзөт.

Улуттук авиакомпания ички каттамда Измирге 2, Антальяга 10, Бодрумга 22, Даламанга 16, Трабзонго 5 жана Орду-Гиресунга болсо 2 кошумча каттам жүргүзөт.

Тышкы каттамда да Бахрейнге 6, Никосияга 7, Кувейтке 1, Сараево менен Подгорицага төрттөн кошумча каттамдар киргизилет.

Пегасус аба жолдору 116, Onur Air 20, Atlasglobal аба жолдору болсо 9 кошумча каттам жүргүзөт.

Бир тараптан майрамдык эс алуудан улам Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунун ички жана тышкы каттамдарындагы терминалдарда жүргүнчүлөрдүн көп болушу күтүлүүдө.

Түрк аба жолдору расмий интернет баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Рамазан майрамынан улам өзгөчө Стамбулдагы «Ататүрк» менен «Сабиха Гөкчен» аэропортторунан уча турган жүргүнчүлөрдүн өлкөнүн ичине саякаттарда 2 саат, чет өлкөгө учууларда болсо кеминде 3 саат мурда аэропортто болууларын талап кылды.



Тектеш кабарлар