Чавушоглу - Ел Жихинави жолушуусу

Жолугушууда булуң кризисине баа берилди

754057
Чавушоглу - Ел Жихинави жолушуусу

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Катар менен араб өлкөлөрүнүн ортосунда болгон кризиске байланыштуу Булуң Кызматташтык Кеңешинин ичинде өзгөчө маселенин тарабы болгон өлкөлөрдүн жолугушуу менен чечүүчү жол үчүн диалог курушу керектигин айтты.Тышкы иштер министри расмий сапар менен Түркияга келген Тунистин тышкы иштер министри Хамис ел Жихинави менен тышкы иштер министрлигинин расмий турак – жайында жолугушкандан кийин пресс жыйынында жолугушууда булуң кризисине баа беришкендерин айтты.

Түркия катары максаттарынын бул кризистин эртерээк чечилишин каалашкандарын айткан Чавушоглу Рамазан айындатөрт өлкөнүн Катарга каршы чыгарган бул чечимдеринин туура кадам эмес экендигин белгиледи. Чавушоглу : «Биздин каалообуз Булуң Кызматташтык Кеңешинин ичинде өзгөчө маселенин тарабы болгон өлкөлөрдүн жолугушуу менен ачык түрдө маселенин эмне экендигин, кайдан чыккандыгын жана эмне каалангандыгынын сүйлөшүлүшү»,- деди. Тышкы иштер министри Сауд Аравиядан бул маселенин чечилишинде жол башчылык кылышын күтүшкөндөрүн да билдирди. Мевлют Чавушоглу Тунис менен карым – катнаштарды өнүктүрүү үчүн аракет кылышкандарын да айтты. Кесиптеши менен аймактык маселелерге да токтолушкандарын белгилеп, Ливиядагы биримдиктин түзүлүшү, тараптардын ортосунда диалогдун курулушу үчүн Тунистин ойногон ролун кубатташкандарын айтты.

Тунистин тышкы иштер министри Хамис ел- Жихинави да Катар менен кээ бир араб өлкөлөрүнүн ортосунда болгон кризиске байланыштуу : «Керек болсо Тунис, керек болсо Түркия аймакта бир туугандардын ортосундагы көз караш айырмачылыгына карата чечүүчү жол табууну каалайбыз»,- деди. Министр Чавушоглу менен эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдө каралган жагдайларда толугу менен бирдей көз карашта экендигин баса белгилеген Ел – Жихинави эки өлкөнүн ортосундагы сооданын өнүктүрүлүшү үчүн ташталышы керек болгон кадамдарды да карап чыгышкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар