Президент Р. Т. Эрдоган 2 мыйзамды бекитти

Президент Р. Т. Эрдоган Катар менен аскердик кызматташтыкты күткөн 2 мыйзамды бекитти.

749194
Президент Р. Т. Эрдоган  2 мыйзамды бекитти

 

Президенттиктен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта бул мыйзамдардын эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн «Жандармерия машыктыруу жана билим берүүгө байланыштуу кызматташтык» жана «Катар жерлеринде түрк күчтөрүнүн жайгаштырылышы» келишимдерин камтыгандыгы эске салынды.  

Мыйзам менен бирге беш миңден ашуун түрк аскери Катарга жайгаштырылат. Эки өлкө ушул алкакта :

  •  Ички коопсуздук, коррупция, уюмдашкан кылмыштар менен күрөшүү боюнча билим берүү, коомдук окуяларга кийлигишүү, аскердик полициялык билим берүү,
  • Эки тараптын мектеп, билим берүү борбору жана бөлүктөрдө бири бирине карата бериле турган курстары,
  • Билим берүүдө колдонулган каражат жана билим берүүдө жардамчы материалдардын өнүктүрүлүшүндө бири бирине жардам берүү.
  • Орток темаларда тажрыйба жана маалыматтарды бөлүшүү менен технологиялык кызматташтык,
  • Билим берүү – окутуу жана техникалык – логистикалык темаларда маалымат жана тажрыйбаларды бөлүшүү максатында «кеңешүү кызматынын» берилиши,
  • Башкы штабдын төрагалыгына караштуу билим берүү мекемелерине курстан өтүү үчүн кызматкерлерди жиберүү сыяктуу темаларда кызматташтык түзүлөт.


Тектеш кабарлар