Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Daily Sabah гезитине жазган макаласы

Ибрахим Калын «кимбиз» жана «эмне каалайбыз» деген суроолорго жооп берилиши керектигин белгиледи.

742271
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Daily Sabah гезитине жазган макаласы

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын дүйнөдө жамандыкка таянган эч бир тартиптин тынчтык жана шайкештик  алып келбей тургандыгын эскертти. Ибрахим Калын Daily Sabah гезитине жазган макаласында ислам дининин негизинин тынчтык жана шайкештикке таянгандыгын баса белгиледи.

Президент Р. Т. Эрдогандын акыркы 5 жумада Индия, Орусия, Кытай, АКШ жана Брюсселде жолугушууларды өткөргөндүгүн эске салган Калын хаос ичиндеги эл аралык системага тынчтык жана тартиптин кандай алып келинерин карап чыгышкандарын баса белгиледи.

Эл аралык терроризм, глобалдык ысынуу, популист жана улутчулдук кыймылдар менен Сириядагы согушка көңүл бурган Калын дүйнөнүн кайда бара жаткандыгына байланыштуу чоң бир тынчсыздануу болгондугун айтты. Калын дүйнөдө тынчтык, бейкуттук жана шайкештиктин жеке кишинин өз ичинде башталгандыгын баса белгиледи.

Ибрахим Калын «кимбиз» жана «эмне каалайбыз» деген суроолорго жооп берилиши керектигин белгиледи. Ибрахим Каалын дүйнөдө шайкештиктин жамандыктарга таянуу менен түзүлө албай тургандыгын, бирок адилеттик жана тууранын тынчтык алып келерин айтты. Калын исламда тынчтык жана шайкештиктин негизги түшүнүгү экендигин да сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар