Чет элдик студенттер тандаган өлкө Түркия
Түркияда азыр 16 миңге жакын чет элдик студент билим алууда.
![Чет элдик студенттер тандаган өлкө Түркия](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9988/6007/8b72/592be4a68c113.jpg?time=1718780081)
Өлкө тышындагы түрктөр жана тууган коомдор төрагалыгынын Түркия стипендияларынан жыл сайын 5 миң чет элдик студент пайдаланууда. Түркияда азыр да 16 миңге жакын чет элдик студент билим алууда.
Өлкө тышындагы түрктөр жана тууган коомдор төрагалыгынын маалыматына караганда эл аралык студенттердин Түркияда жогорку билим алуу стипендиясы менен билим алууларына мүмкүнчүлүк түзгөн Түркия стипендиялары Түркиянын дүйнөнүн «билим берүү базасы» болушун максат кылууда.
Жыл сайын бир топ өлкөдөн миңдеген студентке Түркияда академиялык билим берүү мүмкүнчүлүгүн берген стипендияларга 2011 - жылы 8 миң студент кайрылган. Жыл сайын өскөн бул сан 2013 - жылы 165 өлкөдөн 55 миң 181ге, 2014 - жылы 176 өлкөдөн 81 миң 906га, 2015 - жылы 176 өлкөдөн 94 миң 473кө жетти. Стипендияларга өткөн жылы да 172 өлкөдөн 120 миң студент кайрылды.
Бир гана чет өлкө жарандары пайдаланган Түркия стипендияларында жыл сайын белгилүү мезгилде интернет аркылуу кайрылууга болот.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718780081)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.