Эрдоган-Трамп жолугушуусу

Президент Эрдоган, АКШнын президенти Трамп менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында эки өлкөнүн ортосундагы жакын кызматташтыктын маанисине көңүл бурду.

733625
Эрдоган-Трамп жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ менен террор уюму ДЕАШтан баштап бардык террордук уюмдарга каршы биргелешип кызматташууну ортого салуунун маанисин шилтеме кылып: «Аймагыбыздын келечегинде террордук уюмдарга орун жок. Өзгөчө ПЙД-ЙПГ кайсы өлкө тарапта болсо дагы аны менен сүйлөшүү глобалдык меморандумга ылайыктуу эмес»,-деди.

Президент Эрдоган, АКШнын президенти Трамп менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында эки өлкөнүн ортосундагы жакын кызматташтыктын маанисине көңүл бурду.

«Диалог жана колдошуубузду улантабыз. Бул сапарыбыз тарыхый бурулуш жерди көрсөтүп турат»,-деп айткан Эрдоган: «Түптүү өткөнү болгон Түркия-АКШ карым-катнаштарын карап чыктык. Түркия менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштар биргелешкен  байланыштар платформасында өнүктү. Өз арабыздагы  карым-катнаштарды күчтүү түрдө кармообуз глобалдык тынчтык үчүн маанилүү. Чындыгында АКШ менен Бириккен Улуттар Уюму жана НАТО сыяктуу маанилүү мекемелерде жакын кызматташтык кылабыз. Алдыбыздагы процессте диалог жана колдошууну дагы да арттырууга чечкиндүүбүз»,-деп айтты.

Жолугушууда Сирия жана Иракта таштала турган кадамдарды талкуулагандарын белгилеген президент: «Аймактык ырааттуулук үчүн  Түркия-АКШ кызматташтыгы абдан маанилүү. Трамп менен кеңешүүлөрүбүздү дагы да тереңдетүү чечимин чыгардык»,-деди.

Эрдоган: «Урматтуу Президентке 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин кылмышкери ФЕТӨ туурасындагы күтүүлөрүбүздү да ачык айтамын»,-деди.

АКШнын президенти Дональд Трамп да: «Эрдоганды коноктоп жатканыбыз үчүн сыймыктандык»,-деп сөздөрүн баштады.

«Террор менен күрөшүүдө жаңы душманыбызга каршы иштеп жатабыз»,-деп айткан  Дональд Трамп: «Түркияны террор менен күрөшүүсүндө колдойбуз»,-деди.

Сириядагы зомбулуктун азайтылышы үчүн жумшалган аракеттер мактоого арзырлык экенин белгилеген Трамп: «Түркиянын курал буюртма талаптарын камсыздоого даярбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар