Премьер - министр Лондонго барат

Премьер – министр Бинали Йылдырым Сомали тема болгон жогорку деңгээлдеги конференцияга катышат.

728976
Премьер - министр Лондонго барат

Премьер – министр Бинали Йылдырым 10 – 12 -  майда Англиянын борбор шары Лондондо өткөрүлө турган Сомали тема болгон жогорку деңгээлдеги конференцияга катышат.

Премьер – министрликтин кеңешчилигинен Йылдырымдын Лондон сапарына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берилди.

Сомали башкаруусу жана Түркия да болгон эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу менен өткөрүлө турган конференцияда 2017 – 2020 – жылдарын камтыган жаңы мезгилде Сомали башкаруусунан күтүүлөр жана эл аралык коомдун Сомалиге карата убадалары каралат, келечекке карата чечимдер чыгарылат.

Премьер – министр Йылдырым сапарынын негизинде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Басма  сөз жана инвестиция чөйрөлөрү менен жолугушат. Маалыматта дос жана бир тууган Сомалиде мамлекеттин жана ырааттуулуктун түзүлүшү менен өнүгүү аракеттерине колдоо берген Түркиянын эл аралык платформаларда да Сомали жана калкынын жанында орун алууну улантары баса белгиленди.



Тектеш кабарлар