Түркия - Молдова келишимдери

Молдова конок үйүндө өткөрүлгөн кол коюу аземинде биринчи болуп премьер – министр Бинали Йылдырым жана Молдованын премьер министри Павел Филип орток билдирүүгө кол коюшту.

726939
Түркия - Молдова келишимдери

Түркия менен Молдованын ортосунда келишимдерге кол коюлду. Премьер – министр Бинали Йылдырымдын Молдова сапарында Түркия менен Молдованын ортосунда кол коюлган орток билдирүү менен бирге социалдык коопсуздук, экономика, кабарлар менен радио жана телекөрсөтүү тармактарында келишимдерге кол коюлду.

Молдова конок үйүндө өткөрүлгөн кол коюу аземинде биринчи болуп премьер – министр Бинали Йылдырым жана Молдованын премьер министри Павел Филип орток билдирүүгө кол коюшту.

Түркия менен Молдованын ортосундагы Социалдык Коопсуздук Келишими жана келишимдин ишке ашырылышына байланыштуу башкаруу келишими, эмгек жана социалдык коопсуздук министри Мехмет Мүеззиноглу менен Молдованын вице – премьери жана Европа менен интеграциядан жооптуу тышкы иштер министри Андрей Галбур тарабынан кол коюлду.

Анадолу агеттиги менен Молдова мамлекеттик маалыматтар агенттигинин  (Молдпрес) ортосундагы кызматташтык келишими, Анадолу агенттигинин башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Шенол Казанжы менен Молдпрестин башкы редактору Симон Ропот кол коюшту.

Түркия  радио – телекөрсөтүү мекемеси ТРТ менен Молдова улуттук радио жана телекөрсөтүүсүнүн ортосундагы кызматташтык протоколуна ТРТнын башкы директору Шенол Гөка менен Молдова теле – радиосунун баш директору Ольга Бордеинау кол коюшту.

Кичи жана орточо өлчөмдөгү ишканаларды өнүктүрүү жана  колдоо башкаруучулугу менен Молдова кичи жана орточо өлчөмдөгү ишканалар секторунун өнүгүшүн колдоо мекемесинин ортосундагы макулдашуу келишимине Түркия тарабынан Режеп Бичер менен Юлия Ябандж кол койду.



Тектеш кабарлар