Түркияда кабинет жаңыланбайт

Вице-премьер Нуман Куртулмуш, кабинетти жаңылоо айтымдарын төгүнгө чыгарды.

723897
Түркияда кабинет жаңыланбайт

16-апрелдеги элдик добуш берүүнүн расмий жыйынтыктарынын жарыяланышынан кийин өткөрүлгөн алгачкы Министрлер Кеңешинен кийин маалымат берген вице-премьер Нуман Куртулмуш, кабинетти жаңылоо айтымдарын төгүнгө чыгарды.

Куртулмуш: «Саясат туура көргөн учурларда Министрлер кеңешинин жаңыланышы күн тартипке келет. Бирок бүгүнкү күндөн тарта мындай жаңылоонун кереги жок»,-деп айтты.

Куртулмуш, президент Режеп Таййип Эрдогандын (куруучусу болгон жана табигый лидери болгон) Адилеттик жана өнүгүү партиясын жетектөөгө кайтышы менен жаңы процесстин да баштала турганын айтты.

21-майга карата АК партиянын чоң курултайын өткөрүү үчүн даярдыктар башталганын белгилеген Куртулмуш: «Президентибиздин 21-майда буюрса партиянын жетекчиси болушу жана ушундайча бул процесс тууралуу кадамдардын ташталышы да аткарылган болот»,-деди.

16-апрелдеги элдик добуш берүүдөн кийин Европадан келген оң белгилерге да баа берген Нуман Куртулмуш: «Европа саясатынын ичиндеги баш калкалоочуларга каршы чет элдик душмандык,жикчил, жикчилдиктин көлөкөсүндө калган саясаты болгонун жана буга карата кылдат болуу керектигин айттык. Демократиянын талабы боюнча бул эркти ар ким урматташы керек. Биз бул жасалган билдирүүлөрдү Европадан айрым саясатчылардын Түркиядагы бул демократиялык чечимге урмат сый көрсөтүүсү түрүндө карап жатабыз жана оң деп табуудабыз»,-деп айтты.

Сирияда АКШнын аскерлеринин жикчил террор уюму ПККнын уландысы ЙПГ террористтери менен чогуу көрүнгөн фотосүрөттөргө да катуу каршылык көрсөткөн Куртулмуш: «Түркия Республикасы Мамлекети аймактын эбегейсиз ырааттуулук элементи болгон өлкө катары досторубуздун Түркияга карата зыян келтирүүчү бул террор уюмдар менен бирге фотосүрөткө түшүүсүн эч кабыл ала албайт, эч жакшы жосун катары көрбөйт. Муну ачык айтуудабыз. Биз бул жерде АКШ жана Орусия менен көпкө созулуучу ортоктоштук жана аймакта башын баштоого карай көз караштарды өнүктүрүү үчүн чынчыл түрдө иштөөгө даярбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар