Эрдогандын чет өлкөгө сапарлары

Эрдоган Индияга андан соң Орусияга барат

722531
Эрдогандын чет өлкөгө сапарлары

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркиядан Индияга 7 жылдан кийин президенттик деңгээлдеги алгачкы сапарын жасайт.

Президент сыпаты менен биринчи жолу Индияга бара турган Эрдоган 30-апрелде баштала турган жана эки күнгө созула турган сапардын биринчи күнүндө «Түркия-Индия ишкердик форумуна» катышат.

Эрдогандын сапарынын алкагында кесиптеши Пранаб Мукержи, вице-президент Хамид Ансари жана премьер-министр Нарендра Моди менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Бул учурда президент Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путиндин коногу катары 3-майда да Орусиянын Сочи шаарына барат.



Тектеш кабарлар