Грек соту козголоңчуларды тапшырууну четке какты

Сот 3 козголоңчунун Түркияга тапшырылышын четке какты.

720303
Грек соту козголоңчуларды тапшырууну четке какты

Афинадагы апелляциялык сот Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин Грецияга качкан 8 козголоңчунун үчөөсүнүн тапшырылышы талабын четке какты. Грецияга качкан үч козголоңчу бүгүн сот алдына чыкты. 

Сот 3 козголоңчунун Түркияга тапшырылышын четке какты. Башка 5 козголоңчунун сот күнү белгилене элек. 8 козголоңчу ФЕТӨ/ПДЙнин 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин бир тик учар менен Грециянын Дедеагач шаарына качып жана баш калкалоо талап кылышкан. 

Грециянын жогорку соту январь айында Түркиянын бул козголоңчуларга карата тапшыруу талабын четке кагып, бул боюнча Түркия эки жаңы күнөөлөө менен козголоңчулардын  тапшырылышын кайрадан талап кылган болчу. 

 



Тектеш кабарлар