Орустар эми Түркияда 90 күн визасыз жүрө алышат

Мевлүт Чавушоглу, Орустардын Түркияда визасыз калуу мөөнөтүнүн 60 күндөн 90 күнгө жеткириле турганын айтты.

719359
Орустар эми Түркияда 90 күн визасыз жүрө алышат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орустардын Түркияда визасыз калуу мөөнөтүнүн 60 күндөн 90 күнгө жеткириле турганын айтты.

Антальянын Алания районунда 24 өлкөдөн келген журналисттер менен жолуккан Чавушоглу, Орусия Федерациясынын атуулдарынын мындан кийин Түркияда визасыз 90 күн кала ала турганынын сүйүнчүсүн берди.

Чавушоглу 2015-жылы Түркиянын аба мейкиндигин бузган Орусиянын согуштук учагынын түшүрүлүшүнөн кийин болгон кризистен мурда Орусия менен паспортсуз саякат үчүн иштегендерин эске салып, эки жактуу саякат темасында кайрадан бул деңгээлге жетүүнү каалагандарын айтты.

Чавушоглу Орусиянын атуулдарынын Түркиядагы визасыз калуу мөөнөтүн 60 күндөн 90 күнгө жеткире тургандарын белгилеп: «Анталья жана Аланияда 18 жашка чыккан беш алты  жашка атуулдук беребиз»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу, чет өлкөдө жашаган түрк жарандарына, тектеш коомчулуктарга да ушундай иштерди жасап жаткандарын билдирди жана Европанын түрктөрдү ассимиляция кылуу аракеттерин сынга алды.

Тышкы иштер министри: «Түркиянын тышында жашаган атуулдарыбыздын, ал өлкөлөргө интеграция болуусун шыктандырабыз. Ал эмес атуулдук алышын да камсыздайбыз. Бирок өлкөбүз менен болгон байланыштарын үзүүлөрүн каалбайбыз, алар да каалашпайт. Европа өлкөлөрү болсо буга тынчсызданышууда. Анткени алардын интеграция түшүнүгү абдан башкача. Интеграция барабар ассимиляция»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар