Вице - премьер Мехмет Шимшек америкалык ишкерлерге кайрылды

Вице  - премьер Мехмет Шимшек Түркиянын күчтүү экономикасы менен кыска убакытта  5 – 6 пайыздык өсүүгө кайтарын айтты.

717587
Вице  - премьер Мехмет Шимшек  америкалык ишкерлерге кайрылды

Вице  - премьер Мехмет Шимшек Түркиянын күчтүү экономикасы менен кыска убакытта  5 – 6 пайыздык өсүүгө кайтарын айтты.

АКШнын борбор шаары Вашингтондо Эл аралык Акча Фонду ИМФ жана Дүйнө банкынын жыйындарынын негизинде өткөрүлгөн панелге катышкан Шимшек Түркияда 16 -  апрелдеги референдум жана өлкө экономикасына байланыштуу  маалымат берди. Шимшек  Түрк Мурас фонду жана АКШ соода кабинетинин жетекчилигинде өткөрүлгөн панелде  америкалык ишкерлерге кайрылды.

Сөзүндө конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу режимдин эмес башкаруу системасынын өзгөргөндүгүн эске салган Шимшек саясий ырааттуулуктун өсүү менен улантыларын баса белгиледи.

Конституциялык өзгөртүү менен алып келине турган жаңы өкмөт системасынын Түркияга дагы жакшы саясат чөйрөсүн түзөрүн баса белгилеген Шимшек Түркиянын эми коалиция өкмөттөрү  менен убакыт жоготпой тургандыгын айтты.

Мехмет Шимшек кенен  реформа программасы менен менчик секторду шыктандырып жана коомдук башкаруу реформасы үчүн керектүү кадамдардын ташталгандыгын белгиледи.

Вице  - премьер Шимшек Түркиянын иш дүйнөсүндөгү өнөктөштүктөргө ачык экендигин да эске салды.



Тектеш кабарлар