Германияда жаңы чыр - чатак
Брюль шаарында түрктөр жашаган аймактарга чыр – чатакты камтыган каттар ташталды.
![Германияда жаңы чыр - чатак](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b636/a16f/5c81/58b90c8b8b867.jpg?time=1718781717)
Президент Р. Т. Эрдоган «нацистик мезгилине окшогон ишке ашыруулар» менен сынга алган Германияда жаңы чыр – чатак...
Брюль шаарында түрктөр жашаган аймактарга чыр – чатакты камтыган каттар ташталды. Каттарда президент Р. Т. Эрдоганды жактагандардын өлкөнү таштап кетүүсү керектиги жазылган.
«Германиядагы Эрдоганды жакшы көргөндөр...» деп башталган катта бул сөздөргө орун берилген : «Биз Германияда Эрдоганды колдоочулардын айынан тынчсыздануудабыз. Ишеничтери бизден башка болгону үчүн алардын биз менен жашоосу улантыла албайт. Үй – бүлөлөрүн да алып бул өлкөдөн чыгып кетүүлөрүн каалайбыз».
Президент Эрдогандын чоң пландарынын бар экендиги белгиленген катта : «Президентиңердин чоң пландары бар, кыла турган жакышлыгыңар ал жана өзүңөр үчүн бул өлкөдөн чыгып кетүү»,- деп жазылган.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718781717)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.