16 - апрелдеги референдумдан оң жыйынтык чыга турган болсо экономикада олуттуу өзгөрүү болот

Эрдоган бир менчик телекөрсөтүү каналында  суроолорго жооп берди

712810
16 -  апрелдеги референдумдан оң жыйынтык чыга турган болсо  экономикада олуттуу  өзгөрүү болот

Президент Р. Т. Эрдоган 16 -  апрелде боло турган референдумда оң жыйынтык чыга турган болсо Түркиянын экономикасында олуттуу өзгөрүү болорун айтты.

 

Жекшемби күнү боло трган референдум тууралуу маалымат берген Эрдоган элдик добуш берүү үчүн бардык коопсуздук чараларынын көрүлгөндүгүн баса белгиледи. Жаңы система менен депутат санынын 550дөн 600гө чыгарын айткан Эрдоган Түркия Улуттук Парламентинин дагы да күчтөнөрүн баса белгиледи.

Президент Эрдоган Европанын бардык террордук уюмдар менен биримдик болуп референдумда   оң жыйынтыктын чыкпашы үчүн болгон күчүн сарптап жаткандыгын айтты.

16 -  апрелдин ошол эле учурда Европага бериле турган күчтүү кабар экендигин белгилеген Эрдоган конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү  элден оң добуш ала турган болсо Европа Биримдиги – Түркия карым – катнаштарын карап чыгышарын жана Европа Биримдиги менен отуруп сүйлөшүшөрүн билдирди.

Президент Эрдоган Фетуллахчы террордук уюм  менен күрөшүүдө 16 -  апрелдин маанисине басым жасады. Элдик добуш берүүдөн кийин ФЕТӨ менен күрөшүүнү улантышарын белгиледи. Өзгөчө кырдаалга да токтолгон Эрдоган өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү толгондо керек болсо кайрадан узартыларын айтты жана була бал үчүн Францияны мисал катары көрсөттү.

Жикчил террордук уюм ПККнын Түштүк – Чыгыш Анадолу аймгында жашагандар үчүн турмушту кыйындаткандыгын белгилеген Эрдоган таасирдүү күрөш менен аймактын тынчтыкка жетишкендигин, Түштүк – Чыгышка олуттуу инвестиция салынгандыгын айтты.

Аймакта 20 айда 10 миңден ашуун террористтин таасирсиз абалга алып келингендигин белгилеген Эрдоган Испанияда ЕТАнын кылганындай ПККнын да куралдарын көмүүдөн башка чарасынын жок экендигин белгиледи.

Эрдоган аймакты туризмге ылайыктуу абалга алып келишерин билдирди.



Тектеш кабарлар