Орусиянын АКШнын Сирия боюнча тирешүүсү

АКШ менен Орусиянын ортосундагы «Сирия чыңалуусу» күчөп баратат.

710529
Орусиянын АКШнын Сирия боюнча тирешүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын Сириянын борбор калаасы Дамасктын түштүк жагын ата турганы жөнүндө чалгындоо алгандарын айтты.

Бул жарыянын АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Москвага карай жол тарткан убакта айтылышы көңүлдөрдү бурду.

Расмий сапар менен Москвага келген Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Путин, Сирия режиминин өткөн аптада Идлибге химиялык курал колдонгону жөнүндөгү айтымдарды провакация катары мүнөздөп, бул теманы БУУга алып бара тургандарын да белгилеп кетти.

Орус лидер айрым кишилердин эми да Сириянын борбор калаасы Дамасктын элет жерлери менен кошо башка аймактарында күнөөсүн Сирия өкмөтүнө жүктөй турган чагымчылыкты даярдап жаткандары тууралуу маалымат алгандарын айтты.

Путин: «Ар түрдүү булактардан алган маалыматыбызга караганда окшош провакациялар. Муну башка түрдө аныктоом мүмкүн эмес. Дамасктын элет жери менен кошо Сириянын башка аймактарында да даярдык көрүп жатышат. Айрым заттарды атып күнөөнү Сирия өкмөтүнө жүктөгөнгө аракет кылып жатышат»,-деп айтты.

Орусиянын башкы штаб төрагалыгынын басма сөз катчысы Мария Захарова да АКШ-Орусия чыңалуусун күчөтө турган маалымат жарыялады.

Орус катчысы аптанын акырына дейре Орусия, Иран жана Сириянын тышкы иштер министрлеринин үчтүк саммит өткөрүүнү пландагандарын айтты.



Тектеш кабарлар