Эрдоган: «АКШнын мамилеси оң кадам»

Президент Эрдоган Хатайда сөз сүйлөдү

708247
Эрдоган: «АКШнын мамилеси оң кадам»

Президент Режеп Тайип Эрдоган, АКШнын Сирияда режимге таандык аба базасын бомбалоосун согуштук кылмыштарга каршы ташталган оң кадам катары эсептегенин айтты.

Президент Эрдоган Хатайда тобу менен ачылыш аземиндеги сөз сүйлөөсүндө: «Асад режиминин химиялык куралдар менен кылган согуштук кылмыштарына каршы ташталган кадам катары муну оң деп тапканыбызды айтып кетким келет. Жетиштүүбү? Мен муну да жетиштүү деп эсептебеймин»,-деп айтты.

«Балдар мыкаачылык менен өлтүрүлүп жаткан дүйнөдө эч кимдин өзүн коопсуз сезүүгө укугу жок»,-деген Эрдоган: «Бул окуялардан кийин ар ким өз жерин, позициясын сөзсүз карап чыгуусу зарыл. Эч ким кылган кылмыштарын, балдарды өлтүрүшүн террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүүнү шылтоо кылып жашырбашы керек. Сирияда болуп жаткандар ДЕАШты шылтоо кыла албагыдай ачык айкын, трагедиялуу»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Биз үчүн акыркы окуялар коопсуз аймактарды куруу аракетибиздин канчалык туура экендигин ортого салды. Сирияда, Түркия чек арасында коопсуз аймактар жарыяланышы керек. Бул 4 миң чарчы киломертдик аянт болушу мүмкүн. Бул жерге турак жайларды куралы. Түркиядан ал жерге кайта турчу сириялык туугандарыбыз да болушу мүмкүн. Эл аралык коомчулук «Туура айтасыңар» дегени менен эч бир кадам таштай элек. Эл аралык коомчулук биргелешкен чечкиндүүлүктүн негизинде режимдин жана адамзатка каршы кылмыш кылган бардык террордук уюмдарды токтотуу мүмкүнчүлүгүнө эгедер деп ойлоймун. АКШнын активдүү мамилесинин, ушул багыттагы аракеттин башталгычы болушун үмүт кыламын»,-деди.



Тектеш кабарлар