Террордук уюмдарга каршы жаңы операциялар болот

«Евфрат калканы» кыймылы 7 айга созулду. 2015 чарчы км аянт террористтерден тазаланды.

705423
Террордук уюмдарга каршы жаңы операциялар болот

Президент Режеп Таййип Эрдоган Трабзондогу жолугушууларынын алкагында маалымат берип, Сирияда Эл Бабдын террористтерден тазаланышы менен «Евфрат калканы» кыймылынын биринчи этабын соңуна чыгаргандарын жана бул кыймылдардын уландысы келе турганын жарыялады.

«Евфрат калканы» кыймылы 7 айга созулду. 2015 чарчы км аянт террористтерден тазаланды.

Жалгыз гана ДЕАШ эмес, жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнын мүчөсү болгон террористтер аймактан тазаланды.

ПЙДнын кантондорду бириктирип терррордук коридор түзүү ыктымалы жоюлду.

Террор уюмдарынын калдыктарын тазалоо үчүн жаңы кыймылдар болот.

Эрдоган: «Эми калган аймактарда террордук уюмдарды жок кылыш үчүн жаңы кыймылдардын даярдыктарын кылабыз»,-деди.

Террордук уюмдарга айрым күтүлбөгөн сокуларды ура тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Алдыбыздагы айларда Түркиянын, түрк улутунун жазы, террористтердин болсо кара кышы болот»,-деди.

 



Тектеш кабарлар