Эрдоган: «Биздин тынчтыгыбызды ким бузууга белсенсе ал беделин төлөйт»

Эрдоган Бештепе улуттук маданият жана конгресс борборундагы сөзүндө террор менен күрөшүүдө жетишилген ийгиликтерге көңүл бурду.

701880
Эрдоган: «Биздин тынчтыгыбызды ким бузууга белсенсе ал беделин төлөйт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биздин тынчтыгыбызды ким бузууга белсенсе ал беделин төлөйт»,-деди.

Президент Бештепе улуттук маданият жана конгресс борборунда өткөрүлгөн «Өнүккөн Түркия үчүн албетте «макул» программасына» катышты.

Эрдоган бул жердеги сөзүндө террор менен күрөшүүдө жетишилген ийгиликтерге көңүл бурду.

Эрдоган: «Террор менен күрөшүүдө дагы өнүккөн Түркия болот. Учурда террордун белин сындырып жатабыз, ийиндерине чейин кирдик. Тендүрек тоосунда, Жудиде, Габарда, Беслер Дерелерде  ийиндерине кирдик. Ички иштер министрибиздин жетекчилигинде куралдуу күчтөрүбүз, полициябыз, күзөтчүлөрүбүз бардыгы биргелеше ушул күрөштү жүргүзүүдө. Жалгыз эле ичкериде эмес Сирияда да Жераблус, Раи, Дабык, Баб, бул жерлердин баарында тең ДЕАШты, ПЙДны тазалап жолубузду улантуудабыз. Бул өлкөдө биздин тынчтыгыбызды ким бузууга белсенсе ал беделин төлөйт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар