Чет өлкөдөгү түрктөр конституциялык өзгөртүүгө добуш бере башташты

3 миллиондон ашуун шайлоочу 9-апрелге дейре добуш берет.

699490
Чет өлкөдөгү түрктөр конституциялык өзгөртүүгө добуш бере башташты

Түркияда 16-апрелде боло турган конституциялык өзгөртүүгө карата элдик добуш берүү үчүн чет өлкөдөгү түрк жарандарынын добуш берүү процесси бүгүн башталды.

3 миллиондон ашуун шайлоочу 9-апрелге дейре добуш берет.

Алгачкы добуштарды Дания, Бельгия, Франция, Швейцария, Астрия жана Германияда жашаган түрк жарандары беришет.

 Түрк калкы эң көп жашаган өлкө болсо Германия.

Добуш берүү процедуралары АКШда 1-парель, Улуу Британияда 6-апрель, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Нидерландияда 5-апрель, Италия жана Сауд Арабияда 7-апрель, Греция жана Орусияда 8-апрелде башталып 9-апрелге дейре уланат.

Япония,Кытай жана Түштүк Африкада болсо 9-апрелде добуш берилет.

Бажы каалгаларында да бүгүн саат 8:00дө башталган добуш берүүлөр 16-парелде саат 17:00гө чейин уланат.

3 миллиондон ашуун шайлоочу 57 өлкөдө 120 өкүлчүлүктө добуш берет.

Шайлоочулар бул шайлоодо бир гана өзү тиешелүү болгон консулдуктарга эмес, каалаган жерде добуш берүү эркиндигине ээ болот.

Добуш бере турган шайлоочулардын жанында Түркия Республикасынын күбөлүк номери жана фотосүрөттөрү бар документти алып барышы жетиштүү болот.



Тектеш кабарлар