ЕБ менен сүйлөшүүлөрдүн улантылып улантылбай турганынын элден сурай алабыз

Антальяда бир иш-чарада сөз сүйлөгөн Эрдоган, ЕБ темасында Англиядан үлгү алынса боло турганын белгилеп кетти.

699203
ЕБ менен сүйлөшүүлөрдүн улантылып улантылбай турганынын элден сурай алабыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдиги менен сүйлөшүүлөрдүн улантылып улантылбай турганынын элден сурала турганын айтты.

Антальяда бир иш-чарада сөз сүйлөгөн Эрдоган, ЕБ темасында Англиядан үлгү алынса боло турганын белгилеп кетти.

Эрдоган: «Сүйлөшүүлөр үчүн да референдум өткөрө алабыз жана улутубуз кайсы чечимди чыгарса ошол чечимге баш ийебиз»,-деди.

Эрдоган жикчил террор уюму ПККнын Швейцарияда өткөргөн жана өзүн бутага алган митинг тууралуу: «Мына бүгүн Швейцария Парламентин карап көрсөңүз, өтө ашкере террор уюмдары парламентте. Көңүл бургула ал жерде менин сүрөтүмдү коюп жанында башыма курал такап турат. Ушундай түшүнүк, ушундай ой-жүгүртүү болушу мүмкүнбү? Бул өлкө Швейцария. Буга окшогон нерсе жок. Эми «Brexit» сыяктуу, сүйлөшүүлөр үчүн референдум өткөрө алабыз жана улутубуз кандай чечим чыгарса ошого баш ийебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар