Эрдоган Нооруз куттуктоосун жарыялады

Эрдоган 21-  Март дүйнөлүк Нооруз күнүнөн улам куттуктоо жарыялады

695297
Эрдоган Нооруз куттуктоосун жарыялады

Президент Р. Т. Эрдоган дүйнөнүн кыйын күндөрдү жашагандыгын белгилеп : «Нооруз билдиргендей жаңыдан жаралуунун рухуна  ээ чыгуубуз керек»,- деди. Эрдоган 21-  Март дүйнөлүк Нооруз күнүнөн улам куттуктоо жарыялады.

Президент Эрдоган куттуктоосунда Нооруздун кенен аймакта, бир туугандык жана достуктун күнү экендигин эске салып, аймак жана дүйнөнүн тынчтыгы үчүн ырааттуулук жана бейкуттук алып келишин каалады. Эрдоган куттуктоосунда дүйнөнүн демократия, укук, эркиндик, оптимисттик сыяктуу түшүнүктөрдүн ишке ашышына жеке бул баалуулуктарды системалаштыргандар тарабынан кыянаттык кылынган кыйын күндөрдү жашагандыгына көңүлдөрдү бурду.

Президент : «Цивилизация жана маданият аймагыбыздын жолун тосууга аракет кылгандарга каршы күрөштү өз тарыхыбыздан жана салтыбыздан алган күч менен беребиз»,- деди.

Эрдоган дүйнөдөгү бардык күнөөсүз жана жабыркагандар үчүн куттуу бир келечектин символу боло турган Нооруз отунун Анадолудан тутандырыларын айтты.



Тектеш кабарлар