Түркиянын калкы картайып баратат
Карылардын 43,9 пайызын эркектер, ал эми 56,1 пайызын аялдар түздү.
![Түркиянын калкы картайып баратат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/abb9/f362/73a3/58ca49bba15dc.jpg?time=1719101291)
Түркиянын статистика мекемеси 2016-жылга карата көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Буга ылайык Түркияда 65тен жогорку жаштагылардын саны 2012-жылы 5 миллион 682 миң болсо, акыркы беш жылдын ичинде 17,1 пайыз өсүп 2016-жылы 6 миллион 651 киши болду.
Карылардын 43,9 пайызын эркектер, ал эми 56,1 пайызын аялдар түздү.
Карылардын 61,5 пайызы 65-74, 30,2 пайызы 75-84 жана 8,2 пайызы 85тен жогорку жаштагы топто орун алды.
Карылардын көптүгү боюнча биринчи орунда турган област өткөн жылы да Синоп болду. Синоптон кийин Кастамону жана Чанкыры турат.
Карылардын 0,1 пайызын түзгөн 100 жаштан жогоркулардын саны өткөн жылы 5 миң 232 киши болду. Түркияда 100 жаштан жогоркулардын көпчүлүгү Стамбул, Шанлыурфа жана Анкарада жашашат.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719101291)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.