Түрк Кызылайы Мусулга гуманитардык жардам берди

Түрк Кызылайы Иракка карата гуманитардык жардамдардын негизинде аймакка 263 фура гуманитардык жардам жиберди

694781
Түрк Кызылайы Мусулга гуманитардык жардам берди

Түрк Кызылайы  Ирактын Мусул шаарын террордук уюм ДЕАШтан куткаруу операциясы учурунда үй – бүлө мүчөлөрүн жоготкондорго азык – түлүк, кийим – кече жардам берди.

Түрк Кызылайы Иракка карата гуманитардык жардамдардын негизинде аймакка 263 фура гуманитардык жардам жиберди. Түрк Кызылайы Ирак гуманитардык жардам делегациясынын төрагасы Сердар Йылмаз Мусул менен Эрбил кургак жолуна курулган Хазер лагеринен 150гө жакын үй – бүлөгө азык – түлүк жана кийим – кече жардамы берилгендигин айтты. Йылмаз жардамдардын улантыларын белгиледи.

Ирактын эң чоң экинчи шаары Мусулду террордук уюм ДЕАШтан кайра алуу боюнча  коалиция күчтөрүнүн колдоосу менен Ирак армиясы 7 -  октябрда  баштаган операция улантылууда.

Түркия Башика лагеринде машыктырган Нинова коргоочулары менен бирге пешмерге күчтөрү катышкан операцияда Мусулдун чыгышы ДЕАШтан толугу менен тазаланып, шаардын батышында катуу кагылышуулар улантылууда.



Тектеш кабарлар