Жергиликтүү робот "Ада"

«Ада» аттуу робот аялдардын абдан чоң жардамчысы болот.

691381
Жергиликтүү робот "Ада"

Коньяда 6 жыл мурда Түркиянын биринчи адам роботун жасаган программа фирмасы жаңы чыгарган «Ада» аттуу робот аялдардын абдан чоң жардамчысы болот. Ада  берилген буйрук менен кофе бышыруу, тамак жасоо, идиш жуугуч машина жана муздачкычты  программалоо сыяктуу бир топ ишти аткарат.

Аданы жасаган фирманын башкаруу кеңешинин төрагасы Өзгүр Акын : «Биз роботторубузду индустриялык тармактарда эмес, эң көп адамдарга кызмат кыла турган тармактарда колдонуудабыз. Бул роботтор үчүн да бизге бир топ пикирлер келүүдө. Эң көп талап үйдө отурган аялдардан келди. «Биз үчүн да робот жасайсыңарбы?»,- деп жатышкан деди.

Үйлөр үчүн да роботтук эмгектеринин бар экендигин баса белгилеген Акын : «Муздаткычты, идиш жууган машинаны программалай алат, газ плитасын колдоно алат же эрте мененки кофеңизди жана омлетиңизди даярдай ала турган консептти боло турган роботубуз кыска убакытта үйлөрдө колдонула баштайт. Муну да үйдө аялдарга жардам берүү үчүн чыгардык»,- деди.

Кыска убакытта бүтө тургандыгын белгилеген Акын : «Өлкө тышынан бир робот ала турган баанын ондон бир бөлүгүнө жасаган роботторубузду ала аласыздар. Айрыкча микро схемаларынын тышында бардык бөлүкчөлөрү толугу менен жергиликтүү продукция»,- деди.



Тектеш кабарлар