Чанаккале жеңиши мекенди сүйүүгө үндөйт

Президент 18-Март Шейиттерди эскерүү күнүнөн улам өз билдирүүсүн жарыялады.

693752
Чанаккале жеңиши мекенди сүйүүгө үндөйт

Президент Режеп Тайип Эрдоган Чанаккале жеңишинин, «Түрк улутунун мекени, дини, эркиндиги жана келечеги сөз болгондо эмнелерди аткара алаарынын далили» экенин баса белгиледи.

Президент 18-Март Шейиттерди эскерүү күнүнөн улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүсүндө Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ/ПЙД) 15-июль төңкөрүш аракетине каршы көрсөтүлгөн күрөштү да баса белгилеген президент: «15-июль төңкөрүш аракети убагында болгондор, бир кылым мурда Чанаккалени чоң күчтөргө көрүстөн кылган күрөшчүл рухтун канчалык жаңы экендигин бардыгыбызга көрсөттү»,- деди.

15-июль түнү эң заманбап куралдардын улуттун тайманбастыгы, ишеним жана чечкиндүүлүгүнүн негизинде алсыз калганына көңүл бурган президент, «Чанаккале өтүлбөс» ишеничинин мурасчысы түрк улутунун 15-июлда өзүн дагы бир жолу далилдегенин айтты.



Тектеш кабарлар