«Чанаккале-1915» көпүрөсүнүн пайдубалы түптөлөт

Көпүрө бүткөндө Чанаккалени Мармара аймагында абдан маанилүү абалга айландырат.

694001
«Чанаккале-1915» көпүрөсүнүн пайдубалы түптөлөт

 «Дүйнө жүзүнүн эң узун аралыктуу» көпүрөсү статусуна ээ боло турган «Чанаккале-1915» көпүрөсүнүн пайдубалы, президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым катыша турган азем менен эртең түптөлөт.

Аземде айрым министрлер да орун алышат.

 Мармара аймагынын Анадолу тарабындагы Чанаккаленин Лапсеки районундагы Шекеркая менен Европа тарабындагы Гелиболу районунун Сүтлүже жергесинин арасына салына турган көпүрө, Чанаккале кысыгынын алгачкы, ал эми Мармара аймагынын 5-асма көпүрөсү болот.

Түркия Республикасынын курулганынын 100 жылдыгы боло турган 2023-жылы ачылышы пландалган «Чанаккале-1915» көпүрөсү бүтүрүлгөндө «дүйнөнүн эң узун аралыктуу көпүрөсү» болот.

Фракиядан Эгей жана Жер Ортолук деңизге созулган байланыш багытында Чанаккалени Мармара аймагында абдан маанилүү абалга айландыра турган көпүрө, 10 миллиард лирадан көп инвестиция менен ишке ашат.

Эки жээктин бири-бирине тирөөчтөрүнүн ортосундагы аралыгы менен кошо жалпы 3860 метр жана тирелген жолдору менен кошкондо 5 чакырымдан узун боло турган көпүрөнүн эки тирөөчүнүн ортосундагы аралыгы болсо  Түркия Республикасынын курулганынын 100 жылдыгы болгон 2023-жылды символдош үчүн 2023 метр деп белгиленди.



Тектеш кабарлар