Премьер – министр Бинали Йылдырым Грузияга барат
Бинали Йылдырымдын сапарында эки тараптуу карым – катнаштар кенен түрдө каралат
Премьер - министр Бинали Йылдырым Артвин улуттук башкаруу аянтында жарандарга кайрылгандан кийин кечки сааттарда Батумга барат.
Премьер – министр Йылдырымдын Грузиянын премьер – министри Квирикашвили менен өткөрө турган жолугушууда эки тараптуу карым – катнаштар кенен түрдө каралат. Түркия - Грузия жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин бул жылдын ичинде ишке ашырылышы күтүлгөн экинчи жыйындын даярдыктары боюнча токтолушат. Жолугушууда аймактык абалдар тууралуу пикир алышууларда да болушат. Сапарда премьер – министр Йылдырымдын Грузиянын премьер – министри Георги Квирикашвили тарабынан бериле турган кечки тамакка катышуусу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.