ЕБи эми эч кимге демократия сабагын бере албайт

Президент Эрдоган Афионкарахисардын «Республика» аянтында уюштурулган тобу менен ачылыш аземинде атуулдарга кайрылды.

692295
ЕБи эми эч кимге демократия сабагын бере албайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдигинин эми эч кимге демократия, эркиндик, адилеттик, укук сабагын берүү укугунун калбаганын айтты.

Президент Эрдоган: «Фашизмдин руху Европанын көчөлөрүндө жүрөт»,-деди.

Режеп Таййип Эрдоган Афионкарахисардын «Республика» аянтында уюштурулган тобу менен ачылыш аземинде атуулдарга кайрылды.

Нидерландиянын бүгүн шайлоо өткөргөнүн айткан Эрдоган: «Булардын маданият менен тиешеси жок. Булардын заманбап дүйнө менен байланышы жок. Булар Босния-Герцеговинада, Сребреница кыргынында 8 миңден ашуун босниялык мусулманды кырып ташташкан»,-деп айтты.

Стамбул менен Роттердамдын «тууган шаар» болгонун эске салган Эрдоган: «Роттердамдын мэри Стамбул менен да тууган шаар экен. Кечээ кечинде өкмөт башчыбызга айттым, «Дароо Стамбул шаарынын башчысына айталык, бир жактуу түрдө алар менен туугандык актысын жойсун. Анын үстүнө биздин мындай адамдар менен тууган шаар болушубуз мүмкүн эмес»,-деп айтты.

Европанын өзүнөн болбогон бардык нерседен коркконун баса белгилеген Эрдоган: «Европа, өз коркунучтарынын ичинде думугууга баратат. Түрктөн коркуусу күчөп баратат. Исламдан коркуусу күчөп баратат. Эч бир нерсеси калбаганы үчүн аман калыш үчүн өздөрүнө баш калкалаган качкындардан да коркуп жатышат, өздөрүнөн болбогон бардык нерседен коркуп жатышат, өздөрүнөн болбогон бардык нерсени душманындай көрүүдө»,-деди.

Европанын Түркияга карай мамилесин да сындаган Эрдоган: «Өлкөбүзгө каршы мамилеси менен ЕБнин да ичин бошотушту. Мына Англия ЕБнен бөлүнүүдөбү?  Brexit делген окуя менен өткөрдү референдумун жана бөлүнүү чечимин чыгарды. Мындан кийин эми ЕБнин да Европанын кайсы бир өлкөсүнүн да эч кимге демократия, эркиндик, адилеттик, укук сабагын берүү укугу калган  жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар