Брюсселде 8-Март

«Аял жана саясат» темалуу дискуссия өткөрүлдү

687786
Брюсселде 8-Март

«Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын Бельгиянын борбору Брюсселдеги өкүлчүлүгүндө, 8-Март Аялдардын эл аралык күнүнөн улам «Аял жана саясат» темалуу дискуссия өткөрүлдү.

Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн Ак партиянын Брюсселдеги өкүлү Рухи Ачыкгөз, аялдардын социалдык жана экономикалык жашоонун бир бөлүгү болушу керектигин баса белгиледи.

Ачыкгөз акыркы жылдарда туура иштерге шыктандыруучу түзөтүүлөр менен Түркияда аялдардын коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун алуусу үчүн аракет кылынып жатканын айтты.

Мурдагы энергетика министри Танер Йылдыз да жыйынга катышып суроолорго жооп берди.

Йылдыз аялдардын саясий жана коомдук жашоодогу салымдарына көңүл буруп, алардын эркиндик укуктарын жогорулата турчу жаңы мыйзамдык түзөтүүлөрдүн киргизиле турганын айтты.



Тектеш кабарлар