Чавушоглу-Габриэль жолугушуусу

Мевлүт Чавушоглу айрым түрк министрлердин митингдерине тыюу салып чыңалуу жараткан Германияда кесиптеши Зигмар Габриэль менен жолукту.

687395
Чавушоглу-Габриэль жолугушуусу

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу айрым түрк министрлердин митингдерине тыюу салып чыңалуу жараткан Германияда кесиптеши Зигмар Габриэль менен жолукту.

Борбор шаар Берлинде болгон жолугушуудан кийин маалымат жыйын өткөргөн Чавушоглу: «Габриэль жакшы ойлорун жана каалоолорун Германиянын күтүүлөрүн чынчыл түрдө айтып берди. Досум Габриэлди быйыл жазында Түркияда тосуп алабыз»,-деди.

Чавушоглу, Габриэлге акыркы 1 жылда Германияда жашаган түрк коомчулугуна карай систематикалык кысым көрсөтүүдөн тынчсызданганын жана түрк коомчулугунун да абдан таасир алганын, негизинен мунун Германиянын интеграция саясаттары менен да карама-каршы келгенин айтканын баяндады.

Айрым террор уюмунун мүчөлөрүнүн Германияда болушунан тынчсызданганын да жолугушууда айтканын белгилеген Чавушоглу: «Бул жыландар сизди да чагат. Анткени булар адамзаттын душманы»,-деп айтты.

Германиядагы систематикалык Түркияга каршы чыгуунун соңуна чыгарылышы керектигин да баса белгилеген Мевлүт Чавушоглу: «Ал эми Германия да чечимин чыгарышы керек; дос болобузбу же бири-бирибизден бөлүнөбүзбү?»-деген суроо узатты.

Түрк саясатчылардын немис саясатына кийлигишүү үчүн эмес, жөнөкөй түрдө Германияда жашаган түрк шайлоочуларга ар бир шайлоодо болгону сыяктуу 16-апрель элдик добуш берүү тууралуу да айтып бериш үчүн Германияга барууну каалагандарын белгилеген тышкы иштер министри: «Анткени Германия демократиялык өлкө»,-деп айтты.

Бир жарым саатка созулган өз алдынча жолугушуудан кийин маалымат берген Германиянын тышкы иштер министри Габриэль болсо, карым-катнаштар татаал мезгилден өтүп жатканын белгилеп: «Айырмачылыктарыбызга карабастан Түркия менен диалогдон башка альтернативабыз жок»,-деди.

Габриэль: «Немис-Түрк карым-катнаштарынын ийгилигин унутпашыбыз керек. Германия дагы Түркия дагы карым-катнаштардын нормалдашуусун каалайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар