Өмер Челик түрк каршылыгынын оңчул агымдардын жогорулашына себеп болорун айтты

Түрк министрлеринин Германияда түрк жарандары менен өткөрө турган жыйындарын токтоткон Германияга карата каршы чыгуулар улантылууда

684241
Өмер Челик  түрк каршылыгынын оңчул  агымдардын жогорулашына себеп болорун айтты

Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик Германиянын түрк каршылыгынын демократиялык баалуулуктарга түздөн түз коркунучтарды туудурган ашыкча оңчул агымдардын жогорулашына себеп болорун айтты.

Адилеттик министри Бекир Боздаг менен экономика министри Нихат Зейбекчинин өлкөдөгү түрк жарандары менен өткөрө турган жыйындарын токтоткон Германияга карата каршы чыгуулар улантылууда.

Измирде бул тууралуу баа берген Европа Биримдиги министри : «Көптөгөн убакыттан бери Европа өлкөсү болгон Түркиядан бул кабарды жиберебиз: өз баалуулуктарыңарды коркунучка салуудасыңар. Бул орток бейкуттугубуз үчүн абдан коркунучтуу  кыймыл.  Бул жаңылыштыктан кайтууңарды каалайбыз»,- деди. Челик Германиянын жасаган нерсесинин «дубал тургузуу» экендгин белгилеп, бул дубалдын өзүнө  зыян тийгизерин айтты.

Өмер Челик Түркия республикасы министрлеринин барышын, ал жерде жашаган түрк жарандары менен жолугушуусуна тоскоол болгон Германиянын негизинен Түркиянын ички саясатына карата бир кампания жүргүзгөндүгүн да белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар