Жакынкы Чыгыштан террор уюмдарынын тамыры жулунуп ыргытылышы керек

Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Лидерлер саммитинин ачылышында сөз сүйлөгөн Эрдоган: “Алдыңкы планыбыз Сирия, Ирак жана Йемен сыяктуу өлкөлөрдө аккан канды токтотуу»,-деди.

682342
Жакынкы Чыгыштан террор уюмдарынын тамыры жулунуп ыргытылышы керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган террор уюмдарынын Жакынкы Чыгыштан тамыры жулунуп ыргытылышы керектигин айтты.

Пакистандын борбор калаасы Исламабадда өткөрүлгөн Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Лидерлер саммитинин ачылышында сөз сүйлөгөн Эрдоган: “Алдыңкы планыбыз Сирия, Ирак жана Йемен сыяктуу өлкөлөрдө аккан канды токтотуу»,-деди.

Президент Эрдоган, сөзүндө айрыкча Түркиянын энергетика темасына маани бергенин баса белгилеп, мүчө өлкөлөрдүн ортосунда саясий колдошуу чакырыгын таштады.

Эрдоган: «Учурдагы сандар потенциалыбызды жетиштүү ишке ашырбаганыбызды көрсөтүп турат. Өлкөлөрдүн ортосундагы сооданын артышы үчүн аба, кургактык жана деңиз жолу танспортунун сапатын жогоруташыбыз керек»,-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын абдан көп ири долбоорлорду ишке ашырганын белгилеп, бул долбоорлордун аймак өлкөлөрүнө да пайда алып келе турганын айтты.

Эрдоган, армяндардын Тоолуу Карабахты басып алуусунун да кабыл алынгыс болгонун, бул маселенин көрмөксөнгө салына албай турганына токтолду.

Президент Эрдоган, укуксуз изоляцияда кармалган Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен колдошуунун күчтөндүрүлүшү жөнүндө уюмга мүчө өлкөлөргө чакырык салды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган саммит убагында Тажикстандын президенти Рахман менен жолугушуу өткөрдү.

Басма сөзгө жабык өткөн жолугушуу орто эсеп менен 45 мүнөткө созулду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Лидерлер саммитине катышуу үчүн барган Пакистандын борбор калаасы Исламабадда кечээ Пакистандын президенти Мемнун Хүсейиндин лидерлердин урматына берген тамагына катышты.

Жабык эшик артында өткөн тамактануу 1 саат 30 мүнөткө созулду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган андан кийин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолукту. Ал жолугушуу да жабык эшик артында болуп 50 мүнөткө созулду.

Президент  Эрдоган кечээки программасынын алкагында Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифти да кабыл алды.

Эске сала кетсек, Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-саммитине катышуу үчүн Пакистанга Кыргазыстандан Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков барды.



Тектеш кабарлар