«Die Welt» гезитинин Түркиядагы кабарчысы камакка алынды

Министр Бекир Боздаг кабарчы Дениз Йүжелдин камакка алынышына байланыштуу суроого жооп берди.

682537
«Die Welt» гезитинин Түркиядагы кабарчысы камакка алынды

Адилет министри Бекир Боздаг немис «Die Welt» гезитинин Түркиядагы кабарчысы Дениз Йүжелдин камакка алынышына байланыштуу саясий болбогон өкүмдү көз карандысыз түрк сотунун чыгарганын айтты.

Бекир Боздаг Европа кеңешинин баш катчысы Турбьёрн Ягланд менен Францияда өткөргөн маалымат жыйында Дениз Йүжелдин камакка алынышына байланыштуу бир суроого жооп берди.

Боздаг: «Аты аталган кишиге байланыштуу өкүмдү көз карандысыз түрк соту чыгарды. Каршылык көрсөтүү укугу бар, арыз жазып кайрыла алат. Бул өкүм саясий эмес»,- деди.

Түрк улутундагы журналист Дениз Йүжел мурдагы күнү «террордук пропаганда кылуу жана элди тукуруу» кылмаштарынан Стамбулда камакка алынган болчу.



Тектеш кабарлар