ТРТнын жаңы сериалы «Пайтакты- Абдүлхамид»

«Пайтакты- Абдүлхамид» сериялы 24-февраль жума күндөн тарта ТРТ-1де телекөрүүчүлөргө тартууланат.

678070
ТРТнын жаңы сериалы «Пайтакты- Абдүлхамид»
payitaht.jpg
payitaht, abdulhamit han.jpg

ТРТ-1 телеканалынын сериялы «Пайтакты- Абдүлхамид» 24-февраль жума күндөн тарта көрүүчүлөргө тартууланат.

Осмон империясынын жашоо үчүн күрөшүнүн тарыхына өчпөс из калтырган жана 1876-жылдан тартып тактыда 33 жыл турган, бул татаал процессти «Улуу Хакан» наамы менен туу чокуга жеткирген Султан Абдүлхамид хандын жашоосу калемге алынган «Пайтакты- Абдүлхамид» сериалы чоң кадры жана Эс фильм жазуусу менен ТРТ-1 каналынын экрандарында башталууда!

Тартылышы Кожаели Сека фильм платформасында башталган сериалдын режиссорлугун Сердар Акар кылууда. Султан Абдүлхамит Хандын ролун болсо Бүлент Инал аткарууда.

Тарыхтын эң көп кызыгылган мезгили менен «Пайтакты- Абдүлхамид» экрандарга чыгарылат...

«Пайтакты- Абдүлхамид»; Осмон империясынын тарыхынын эң көп кызыгылган, эң көп талкууланган жана дүйнөнүн манипуляциялык кыймылдары менен Осмон жерлерине көз кырын салган мезгилдерде тактыга чыгып, 33 жыл бою күчү жана зээндүүлүгү менен империяны болгон күчү менен кулатпай башкарган Султан Абдүлхамид Хандын акыркы 13 жылдык падышалык мезгилин ТРТ экрандарына чыгарат.

«Пайтакты-Абдүлхамид», II Абдүлхамид Хандын ушул акыркы 13 жылдык мезгилинде болгон окуялардын айланасында батыштык мамлекеттер «жаңы кылымды» өздөрү үчүн дизайндап алууну каалап жатканда алардын чечимдерине каршы чыккан эр жүрөк адамдын аңгемеси көрүүчүлөргө тартууланат.

Сериалдын башкы темасы; Күрөшүү!

1896-жылы Султан Абдүлхамиддин падышачылыгынын 20-жылынан тартып ал мезгилге изин калтырган маанилүү окуяларды экранга чыгара турган «Пайтакты-Абдүлхамид» сериалында, көп убакыттан кийин Осмон империасынын жеңиши менен жыйынтыкталган согуш; «Грек согушуна» орун белилет.

1-сионисттик конгресс менен Султандан талап кылынган Палестина жерлери, Падышанын акырына чейин бербеген жана сүйлөшүү үстөлүнөн душмандын капалануу менен турган мезгили катары экранга чагылышат.

Ошол эле Султан ийгиликтүү болгон дагы бир маанилүү долбоор; Хижаз темир жолдору иштери жана андан да көп нерселер «Пайтакты-Абдүлхамид» сериялында орун ала турган маанилүү тарыхый окуялардын арасында.

Султан Абдүлхамид Хан менен бирге өлкөнүн күрөшүүсүнө күбө болуп, учурубузга чейин жеткен күчтүү улуттун балдарына жана келечек тарыхыбызга арноо мүнөзүндө сунушталууну убада кылган сериал «Күрөшүү!» башкы темасындагы маалымат менен көрүүчүгө тартууланат.

Башкы ролдордо; Бүлент Инал, Өзлем Жонер, Селен Өзтүрк, Акын Акынөзү, Эзги Эйүбоглу, Хакан Бойав, Сайгын Сойсал, Умут Курт орун ала турган сериалдын элүү чакты башкы актерлору менен катар фигуранттар болуп бардыгы 400-500 кишилик бөлүм актерлору роль алышат. Убак-убагы менен Йешилчамдын устат жана дасыккан актерлору да көрүүчүлөрдүн назарына чыгат. Сериалда 120 кишилик техникалык топ эмгектенет.



Тектеш кабарлар