Ирандын негизсиз айыптоолору...

Бехрам Касыминин, «Түркия темасында сабырдуу мамиле кылып жатабыз, бирок сабырыбыздын да бир чеги бар» деген сөздөрүнө Тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи Хүсейин Мүфтүоглу жооп кайтарды.

676718
Ирандын негизсиз айыптоолору...

Түркия, Ирандын аймактагы кризистердин себебинен өлкөгө баш калкалаган адамдарды дагы согуш аянтына сүрүп чыгаруудан тартынбаганын белгилеп, аймактагы чыңалуунун жана ыраатсыздыктын жооптуусу катары башкаларды айыптоосунун  кабыл алынгыс болгонуна көңүл бурду.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Бехрам Касыминин, «Түркия темасында сабырдуу мамиле кылып жатабыз, бирок сабырыбыздын да бир чеги бар» деген сөздөрүнө Түркиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи Хүсейин Мүфтүоглу жооп кайтарды.

Мүфтүоглу: «Ирандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Касыминин өлкөсүнүн аймак саясаттарынын мактоого арзыганы жана адилеттүү болгону жөнүндөгү сөздөрү болсо, Бириккен Улуттар Уюму жана Ислам Кызматтыштык Уюму сыяктуу эл аралык платформаларда бул өлкө туурасында тынымсыз айтылган кооптонуу жана даттанууларга карата чоң карама-каршылык туудуруп жатат»,-деп айтты.

Мүфтүоглу: «Ирандын өзүнө карата сындоолорун айткан өлкөлөрдү айыптоонун ордуна конструктивдүү кадамдарды таштоосу жана аймактык саясаттарын кайра карап чыгышы күтүлөт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар