АКШнын башкы штаб төрагасы Анкарага келет

Фикри Ышык, НАТОнун Коргоо министрлеринин жыйналышы үчүн барган Бельгиянын борбор калаасы Брюсселде Данфорддун сапары тууралуу маалымат берди.

674174
АКШнын башкы штаб төрагасы Анкарага келет

АКШнын башкы штаб төрагасы Жосеф Данфорд Түркияга келе жатат.

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык, НАТОнун Коргоо министрлеринин жыйналышы үчүн барган Бельгиянын борбор калаасы Брюсселде Данфорддун сапары тууралуу маалымат берди.

Ышык, Данфорддун бүгүн Анкарада башкы штаб төрагасы Хулуси Акар менен орчундуу жолугушуу өткөрө турганын белгилеп кетти.

Жолугушуунун башкы темасы Сирия болот.

Фикри Ышык, Түркия жана Америка тараптарынын аскердик жактан Ракка операциясынын бирге жүргүзүлүп жүргүзүлбөй турганы боюнча маанилүү талкуу жүргүзө тургандарын айтты.

Техникалык иштер аткарылгандан кийин чечим чыгарыла турганын белгилеген Ышык: «АКШ, жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГны четке кагуубузга баа берет. Террор уюму ПКК менен күрөшүүгө дагы көп колдоо көрсөтөт»,-деп айтты.

Эл Баб операциясына да токтолгон улуттук коргоо министри, «Мындан кийин эки алдыңкы планыбыз бар; бирөө Мүнбич экинчиси Ракка»,-деди.

Американын борбордук чалгындоо башкармалыгынын төрагасы Майк Помпео да алгачкы чет өлкөгө сапарын өткөн аптада Түркияга жасаган.

Помпеонун сапарында ПЙД/ЙПГ жана Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨдөн баштап бир топ маанилүү темалар сүйлөшүлдү.



Тектеш кабарлар