Эрдогандын Ислам дүйнөсүн ынтымакка чакырды

Эрдоган, Ислам аймагынын абдан татаал күндөрдөн, оор сыноолордон өтүп жатканын айтты.

671924
Эрдогандын Ислам дүйнөсүн ынтымакка чакырды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кудум эле өрт курчаган ислам аймагынын абдан татаал күндөрдөн, оор сыноолордон өтүп жатканын айтты.

Президент Эрдоган Твиттердеги жарыясында: «Кылымдар бою тынчтыктын дареги болгон Ислам дүйнөсү тилекке каршы бүгүнкү күндө кайгы, террор, чыңалуу, кыйратуу, бомбалар менен эскерилүүдө. Өздүк жана сектанын негизинде бири-биринен алыстатылган мусулмандар, Сирияда, Иракта жана дагы көп жерлерде өздөрүн өздөрү жок кылууда. Дүйнөдө өзгөчө батышта, ыйык динибизди терроризм менен байланыштыруу, бирге кароо сыяктуу жаман ниеттүү аракеттерге күбө болуудабыз»,деген сөздөргө орун берилди.

«Мен бир мусулман катары, кимден келсе келсин, ислам менен террорду байланыштырган бардык жалаа жабууларды четке кагамын»,деген маалыматты берген Эрдоган, бүтүндөй аймактын, бүтүндөй Ислам дүйнөсүнүн, ал эмес адамзаттын келечеги үчүн бирдиктүү болуу, бирге иш-аракет кылуунун убагы эбак келгенин белгилеп кетти.

«Аймагыбызга бул кайгыларды алып келген ДЕАШ, Аль-Каида, Боко Харам, Эш-Шебаб, ПКК, ЙПГ, ФЕТӨнүн бардыгына тең наалат айтамын»,деген Эрдоган: «Бардык тууган мамлекеттерди, биримдик жана ынтымактуу жашоосун камсыздай турган бириктирүүчү саясаттарды жүргүзүүгө чакырамын»,-деди.



Тектеш кабарлар