Президент Эрдоган Бахрейн сапарын аяктады

Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана эл аралык темалар каралат.

670908
Президент Эрдоган Бахрейн сапарын аяктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн Булуң өлкөлөрүндөгү экинчи аялдамасы Сауд Арабиянын борбор калаасы Риядда болот.

Король Салман бин Абдүлазиз менен жолуга турган Эрдоган, мураскер принц Мухаммед бин Наиф жана мураскерлик милдетин аткаруучу Мухаммед бин Салманды кабыл алат.

Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана эл аралык темалар каралат.

Президент Эрдоган Сауд Арабия сапарынан кийин Катарга барат.

Президент Эрдоган кечээ Булуң өлкөлөрү сапарынын алгачкы аялдамасы Бахрейнде жолугушууларды өткөрдү.

Эрдоган бул жерде король Хамад бин Иса Ал Халифе тарабынан Сакир сарайында тосулду.

Эрдоганды айрым министрлер менен катар башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар жана улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Хакан Фидан да коштоп жүрүштү.

Эки тараптуу жолугушуулардан кийин президент Эрдоганга «Шейх Иса бин Салман ал Кхалифа» төш белгиси ыйгарылды.

«Бул төш белгини Түркия жана Бахрейн мамлекеттери үчүн жана ошондой эле  түрк жана  бахрейн калкатырынын туугандыгынын белгиси катары кабыл аламын»,-деп айткан президент Эрдоган: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз, бир хадисинде «Мусулмандар бир имараттын кыштары сыяктуу» деген. Буюрса биргелешкен аракеттерибиз менен Түркия-Бахрейн туугандыгы күчтөнүүсүн, ар башка тармактарда түптөнүүсүн улантат. Түркия жакшы жана жаман күндарүндө Бахрейнди колдоосун улантат. Аймагыбыздын ырааттуулугу, тынчтыгы жана келечеги үчүн кол кармашып, күчүбүздү бириктирип иштей турганыбызга ишенемин»,-деп айтты.

Бахрейн королу да өз сөзүндө Түркия менен Бахрейндин ортосундагы достук карым-катнаштарынын бул сапар менен дагы да чыңдалганын айтты.

Бахрейн менен Түркиянын ортосунда билим берүү, коргоо, энергетика тармактарында келишимдерге кол коюлду.

Айрыкча Түркия жарандарына визасыз режимди камсыздаган келишимге да кол коюлду.

Кол коюу аземинен кийин Бахрейн королу президент Эрдоганга Каба жабуусунун түп нускасынан бирөөнүн Сарайда орун алган үлгүсүн көрсөттү.



Тектеш кабарлар