АКШ ФЕТӨнүн корбашчысын кайтарып береби?

Бекир Боздаг, Америка Кошмо Штаттарында жаңы бийликтин Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн корбашчысы Феттуллах Гүлендин кайтарылышы темасында оң белгилерди бергенин айтты.

671174
АКШ ФЕТӨнүн корбашчысын кайтарып береби?

Түркиянын адилет министри Бекир Боздаг, Америка Кошмо Штаттарында жаңы бийликтин Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн корбашчысы Феттуллах Гүлендин кайтарылышы темасында оң белгилерди бергенин айтты.

Боздаг, Мугладагы маалымдоосунда 15-июлда болгон төңкөрүш аракетинин буйругун берүүчүсүнүн, бекитүүчүсүнүн, пландуу ишке ашыруунун башкаруучусунун Феттуллах Гүлен болгонун баса белгилеп, бул темада түрк калкында же кимдир бирөөндө шек саноо жок экенин баса белгиледи.

Бул темада АКШнын органдарында Түркиядан дагы көп маалымат бар экенине ишенгенин айткан Боздаг: «Ушундай бир террор уюмунун корбашчысы Пенсилванияда жашап жатат. АКШ сыяктуу күчтүү бир мамлекеттин Пенсилваниядагы кан сарайына кирип чыккандардын ким экендиги, булардын эмнелерди сүйлөшкөнүн билбегенин ойлоо ишенчээктик болот. Ушул убакка дейре АКШга жеткирилген убактылуу кармоо талаптарына байланыштуу делолордо, Фетуллах Гүлен тууралуу дело сыяктуу так маалыматтарды камтыган дело жок деп ойлойм. Жаңы президент мезгилинде Түркия менен АКШ карым-катнаштары башкача форматка өтөт, оң колдошуу жана кызматташтык болот деп ойлойм. Ушул убакка дейре болгон маалымдоолорду карасак Гүлендин кайтарылышы жана убактылуу камакка алынышы темасында оң жылыштар боло турганынын белгисин берүүдө. Бирок так кадамдарды көрбөстөн бул темада бир нерсе айтуу мүмкүн эмес. АКШда Түркияга каршы акцияларды жүргүзгөн террор уюмунун кандайдыр бир чектөөгө илинбестен акцияларын улантышы, кабыл алына турган нерсе эмес»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар