Түркиянын АКШга сунуштаган кыймыл планы

Түркия АКШга кыймыл планы менен жооп берди

669699
Түркиянын АКШга сунуштаган кыймыл планы

Сириянын Ракка шаарында операция жүргүзүлүшү темасында көөшөргөн АКШга Түркия өзү даярдаган кыймыл планы менен жооп берди.

Раккада ДЕАШка каршы соккунун Тель-Абьяд аркылуу жүргүзүлө турган операция менен мүмкүн болоору баса белгиленген планда, террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДни сүрүп чыгара турчу коопсуз аймактын түзүлүүсү талап кылынууда.

АКШлык кесиптештерине жүргүзүлүшү пландалган операция туурасында өз планын сунуштаган түрк жооптуу кызматкерлери, Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (CIA) жетекчиси Майк Помпеонун Анкарага сапарында ушул теманы талкуулашты.

Ракка операциясынын планында, керек болсо тылдык керек болсо коопсуздук жагынан эң ыңгайлуу жол катары «Тель-Абьяд менен Айнел Иса-Ракка» багыты белгиленди.

ПЙД/ЙПГ террордук уюмдун көзөмөлүндөгү Тель-Абьяд багытынын колдонулушу АКШ үчүн чын ыкласын сыноо болоорун айткан кыматкерлер: «Америка ДЕАШты Раккадан тазалоо темасында чынчыл болсо, Сириянын жеринин бүтүндүгүнө урмат сый көрсөтсө, бул жерде Түркия жана коалиция күчтөрү менен бирге кыймыл кылууну каалап жатса, анда Раккага Тель-Абьяд аркылуу кириши зарыл. Түркия бул кыймылды жүргүзүп жатканда Орусия менен Иран да көз жаздымда калтырылбашы керек»,- деп жатышат.

Эл Бабдан Раккага багыт алган жол Табка суу сактагычы аркылуу кирилгенде 170 километрге созулат.

Чобанбейден Эл Бабга карай 40 километрдик алыстык да эске алынганда тылдык жактан 210 километрдик алыстык пайда болууда.

Бул алыстыктын айынан камсыз кылуу системасында маселелер жаралып, жол коопсуздугунун камсыздалышы татаалдашат.

Операция күчтөрү, Ракка багытында режим менен бирге илгерилөөгө аргасыз болот жана бул да операцияга коркунуч туудурат.

Ошондой эле ушул жолдун боюндагы ДЕАШтын көзөмөлүндөгү аймактардан өтүү да операциянын мөөнөтүн узартат.

Түркия белгилеген «Тель-Абьяд-Айнел Иса-Ракка» багыты болсо 90 километрдик жол.

Чек арадан тарта бул жолдун орто эсеп менен 70 километри ПКК/ПЙДнин көзөмөлүндө.

Бул жерден кийин Раккага жетүү үчүн калган аралык да 20-25 километр.

АКШнын чынчылдыгы ушул жерде белгилүү болоорун сөз кылган түрк жооптуу кызматкерлери, Түркиянын ДЕАШка каршы күрөшүүсүндөгү чынчылдыгы менен ыктымалдуу тузактарга түшпөшү үчүн этияттуу кыймыл кылуусу темасында да эскертишти.

Ушул алкакта 90 километр узундугунда жана 60 километр тереңдикте пландалган жана бүткүл дүйнөгө жар салынган, Евфрат дарыясынын батышындагы коопсуз аймак толугу менен ишенимдүү абалга айландырылгандан кийин Ракка кыймылынын жүргүзүлүшү керектиги баса белгиленүүдө.

Түркия жарыялаган бул план, Евфраттын батышынан Жераблус, Эл Баб, Тел Рифат жана Азез багытын камтууда.

Аймакты жакшы билген жооптуу кызматкерлер «Түркия үчүн бул аймактын коопсуздугу, Раккадан да маанилүү» деп эскертишти.

Түркия үчүн эмне себептен маанилүү?

Түркия Ракка операциясынын ПКК/ПЙД уюмдары менен жүргүзүлүшүнө каршы чыкса, бул операция менен төмөнкү пайдалардын камсыздалаары күтүлүүдө.

«Ракка тазаланса террордук уюм ДЕАШтын Түркия менен болгон бардык байланышы үзүлгөн болот. ПКК/ПЙД аймактан өздөрү чыгып кете тургандыктан аймак толугу менен террористтерден тазаланат. ПКК/ПЙД жана ДЕАШ тарабынан жерлери тартылып алынган миңдеген адам үйлөрүнө кайра кайткан болот».



Тектеш кабарлар