Премьер - министр жана президенттиктин катчысынын Ел Баб тууралуу билдирүүсү

«Ел Баб бардык тарабынан курчоого алынды. Тышкы маалалар да текшерүүгө алынды»,- деди Бинали Йылдырым

668777
Премьер - министр жана президенттиктин катчысынын Ел Баб тууралуу билдирүүсү

Премьер – министр Бинали Йылдырым Сириянын Ел Баб кыштагынын толугу менен курчоого алынгандыгын айтты. Йылдырым борбор шаар Анкарада журналисттердин Сириядагы абалдар тууралуу суроолоруна жооп берди. «Ел Баб бардык тарабынан курчоого алынды. Тышкы маалалар да текшерүүгө алынды»,- деди Бинали Йылдырым.

Ел Бабдагы стратегиялык дөңсөөлөрдүн алынгандыгын баса белгилеген Бинали Йылдырым Асад күчтөрүнүн да кыштактын түштүгүнөн жакындагандыгын айтты.

Асад күчтөрү менен эч кандай кагылышуунун болбошу үчүн коалиция күчтөрү жана Орусия менен координациялуу кыймыл кылышкандарын белгилеген Бинали Йылдырым режим күчтөрү менен кагылышуунун болбошу үчүн керек болгон чаралардын көрүлүп жаткандыгын билдирди.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да Сирияда террордук уюм ДЕАШка каршы операция жүргүзгөн түрк аскерлеринин Ел Бабдын борборуна киргендигин билдирди. Ибрахим Калын кечээ менчик телекөрсөтүү каналында : «Бөлүктөрүбүз Ел Бабдын борборуна кирди. Асад күчтөрү менен беттешпеш үчүн Орусия менен сүйлөшүп жатабыз»,- деп билдирди.

 



Тектеш кабарлар