Чанаккаледе жер термелүүлөрү...

Бүгүн таңга маал 5:24тө 5,2 баллдык жер титирөө болду.

666596
Чанаккаледе жер термелүүлөрү...

Түркиянын Чанаккале облусунун Айважык районунда рихтер өлчөмү боюнча 5,3 баллдык эки жер термелүүсү болду. Анда 5 киши жеңил жаракат алды, 12 айылда 300 үй урап калды.

Айважык районунда алгачкысы кечээ эртең менен саат 6:50дө, экиничиси саат 13:58де болуп рихтер өлчөмү боюнча 5,3 баллдык эки жер титирөөсүнөн кийин көп жолу майда термелүүлөр болуп турду.

Бүгүн таңга маал 5:24тө 5,2 баллдык жер титирөө болду.

Түрк Кызылайы жана Апаат жана өзгөчө кырдаалды башкаруу башкармалыгынын  (AFAD) топтору аймакта жардам иштерин баштатты.

Чанаккале губернаторлугунда кризис борбору түзүлдү.

Түрк Кызылайынын жетекчиси Керем Кынык, AFAD жана Кызылай топторунун координациясында чатыр шаарча жана кыймылдуу ашкана курулганын айтты.

Жер титирөөдөн эң көп таасир алган Йукарыкөйдө бир чатыр оорукана жана ашкана иштей баштады.

Бул учурда Айважык борбору менен айылдарында билим берүүгө 1 күн тыныгуу берилди.



Тектеш кабарлар