Президент Р. Т. Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Президент Эрдоган менен Столтенберг НАТО союздаштыгынын жалпы абалы тууралуу пикирлерин билдиришти
![Президент Р. Т. Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/254d/a4b2/723e/589319f4ca8fb.jpg?time=1719078062)
Президент Р. Т. Эрдоган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө НАТОнун жалпы абалына баа берилип, Түркиянын террор менен күрөштөгү чечкиндүүлүгү баса белгиленди. Президент Эрдоган жана НАТОнун баш катчысы Столтенберг НАТО союздаштыгынын жалпы абалы тууралуу пикирлерин билдиришти.
Эрдоган телефон сүйлөшүүсүндө Түркиянын террор менен күрөшүү тууралуу чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу баса белгиледи.
Эрдоган кийинки сүйлөшүүсүн Болгариянын президенти Румен Радев менен өткөрдү. Болгарь кесиптешин президенттик кызматын башташы менен куттуктады. Сүйлөшүүдө эки лидер Түркия – Болгариянын ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрүү тууралуу чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719078062)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.