Дүйнөнүн эң чоң аэропорту Стамбулда салынып жатат

Аэропорттун курулушу ылдам уланууда

663712
Дүйнөнүн эң чоң аэропорту Стамбулда салынып жатат

Стамбулда салынып жаткан дүйнөнүн эң чоң аэропортунун 42 пайызы бүткөрүлдү.

Менчик телеканалдын программасына конок болгон транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан аэропорттун курулушунун 1-этабынын 2018-жылдын биринчи жарымында аяктаарын белгиледи.

Долбоордун алкагында айланасында олуттуу жашылдандыруу кылгандарын баса белгилеген министр Арслан: «Стамбул кысыгында Азия менен Европа материктерин үчүнчү жолу байланыштырган Яваз Султан Селим көпүрөсү жана 3-аэропортто ушул учурга чейин 5 миллионго жакын көчөт отургуздук. Эки долбоор тең аяктаганга чейин 10 миллионго жакын көчөт отургузган болобуз»,-деди.

Аэропорттун курулушунда 2 миңи оор жүк ташуучу унаа болуп жалпы 3 миң оргтехниканын иштеп жатканын сөз кылган Арслан: «Долбоордо учурда 23 миң адам иштеп жатат. Жаз мезгилинен тарта бул сан 30 миңге жетет. 2018-жылдын биринчи жарымында аэропорттун 1-этабы жылына 90 миллион адамга кызмат көрсөтөт. Биринчи тилкеси учурда бүтүп калды. Терминалдын курулушунун 80 пайызы аяктады»,- деп айтты.

Арслан Стамбулда салынып жаткан дүйнөнүн эң чоң аэропортунун долбоор жана мунарасынын азыртадан эле чоң сыйлыктарга ээ боло баштаганын айтты.

Жаңы аэропорттун терминал имараты, Германиянын борбору Берлинде былтыр уюштурулган жана дүйнөлүк масштабдагы дизайнерлер менен архитекторлорду жолугуштурган фестивалда сыйлык алган болчу.



Тектеш кабарлар