Сириянын түндүгүн террористтерден тазалоо операциялары уланууда

Кыймылдын 155-күнүндө террор уюму ДЕАШка таандык 180 бута атылды.

658808
Сириянын түндүгүн террористтерден тазалоо операциялары уланууда

Сириянын түндүгүндөгү террор буталарына карай уланган «Евфрат калканы» кыймылынын 155-күнүндө террор уюму ДЕАШка мүчө 17 террорист жок кылынды.

Башкы штаб төрагалгынын жарыясына караганда ДЕАШ баштаган террор уюмдары туудурган коркунучтарды жоюу, чек ара коопсуздугун чыңдоо жана коалиция күчтөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн Сириянын түндүгүнө карай 2016-жылдын 24-августунда башталган кыймыл уланууда.

Кыймылдын 155-күнүндө террор уюму ДЕАШка таандык 180 бута атылды. Террор уюму ДЕАШтын баш калкалоочу жайлары,, коргонуучу жайлары, башкаруучу комплекстери менен курал жана унаалары талкаланды.

Аба күчтөрү командирлиги тарабынан Эл Баб аймагында террор уюму ДЕАШка таандык бир имарат атылды.

Оппозициячылдарга колдоо көрсөткөн жарылуучу затты белгилөө жана зыянсыздашытруучу бригадалар тарабынан 30 колго жасалган жарылуучу зат зыянсыздаштырылды.

Кыймыл башталган күндөн бери 3149 колго жасалган жарылуучу зат жана 55 мина зыянсыздаштырылды.



Тектеш кабарлар