Орусиялык туристтер кайрадан Түркияны тандады
Түркиядагы туристтик аймактардагы айрым отелдерде 50 пайыздык арзандатуулар болуп жатат
![Орусиялык туристтер кайрадан Түркияны тандады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/03b5/c2db/1652/58806447a24f2.jpg?time=1719132295)
Орусияда туристтик эрте резервация соодасынын 50 пайызын Түркия түздү.
Орус тур операторлору биримдигинин билдирүүсүндө өлкөдөгү тур операторлору жана саякат агенттиктеринин баамдоосуна караганда, эрте резервация сатууларынын 50 пайызы Түркияда эс алуу үчүн тандалганы сөз кылынды.
Түркияга карай эрте резервациялардын сентябрь айында башталганы баяндалган билдирүүдө: «Орус туристтер Түркияны сагынды. Жарандар эрте резервация менен камсыздалган арзандатуулардан да пайдаланууну каалап жатышат»,- деп айтылды.
Ошондой эле орус рубилинин акыркы мезгилде наркын жогорулатышы жана Түркиядагы отелдердин чоң арзантатууларды камсыздашынан улам Түркия эрте резервацияда орустардын биринчи тандоосу экени белгиленди.
Түркияда эс алууга карай талаптын 2015-жылга салыштырмалуу эки эсе өскөнү маалымдалган билдирүүдө Греция, Болгария, Испания жана Орусиянын берки шаарларынын эс алуу талабынын 50 пайызын түзгөнү сөз кылынды.
Орустар үчүн Түркиядагы эң көздөлгөн туристтик жерлер Алания, Сиде жана Кемер экени белгиленип, бул аймактардагы айрым отелдерде 50 пайыздык арзандатуулар болуп жатканы маалымдалды.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719132296)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.