Трамп башкаруучулугунан ФЕТӨнүн корбашчысын тезирээк кайтарып беришин күтүүдөбүз

Мевлүт Чавушоглу, Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүлендин кайтарылышы боюнча Түркиянын талабына Трамп башкаруучулугунан оң жооп күтүп жаткандарын айтты.

655825
Трамп башкаруучулугунан ФЕТӨнүн корбашчысын тезирээк кайтарып беришин күтүүдөбүз

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүлендин экстрадиция (кайтарылышы) кылынышы боюнча Түркиянын талабына Трамп башкаруучулугунан оң жооп күтүп жаткандарын айтты.

Америка Кошмо Штатттарынын президенттик милдетин бүгүн Барак Обамадан өткөрүп ала турган Дональд Трамптын ант берүү аземине катышуу үчүн борбор шаар Вашингтонго барган тышкы иштер министри Чавушоглу, Вашингтон пост гезитине маалымат берди.

Түркиянын жаңы АКШ бийлигинен ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлендин экстрадиция кылынышы жана АКШнын террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ менен кызматташуусун токтотушу боюнча күтүүлөрү болгонуна көңүл бурган Чавушоглу, Трамптын жетекчилигинде АКШ менен карым-катнаштардын маанилүү өлчөмдө өнүгө турганына ишенгенин белгилеп кетти.

Стамбул жанаАнкарадагы акыркы теракттардын кылмышкерлеринин Сириядагы ЙПГнын лагерлеринен келгенин белгилеген Чавушоглу, «АКШ өзүн ЙПГга тузакка салып берди. Бир террор уюму АКШ сыяктуу чоң өлкөнүн саясатын багыттап жатат. Бул кабыл алынабы? Жок»,-деп айтты.

Түркиянын Эл Бабдан кийин Раккага багыт ала турганын жана ПЙД менен беттешсе согуша турганын айткан Чавушоглу, Тармптын ДЕАШ менен күрөшүүгө жаңы бир энергия кошуусу менен катар бул маселени (ЙПГ) чече турганына ишенгенин айтты.

ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлендин кайтарлышы темасында да АКШнын Адилет министрлигинен август айынан бери кабар ала албагандарына көңүл бурган Чавушоглу: «Түркиянын Гүлендин кайтарлышы талабына Трамп бакаруучулугунан тезрээк жооп күтүүдөбүз»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын НАТОдон алыстап Орусияга жакындаганы жөнүндөгү кабарлардын суралганы боюнча, «Орусия менен НАТО шериктештерине же башкаларга каршы эмес, террорго каршы кызматташтык кылуудабыз»,-деп жооп берди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу, бүгүн ант берип кызматын баштай турган шайланган президент Дональд Трамптын Мамлекеттик департаментине талапкери Рекс Тиллерсон жана коргоо министрлигине талапкери Жеймс Маттис менен жолукту.

Республикачылдардын маанилүү кишилеринен Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Пол Райан менен да жолуккан Чавушоглунун жолугушууларын бүгүн да улантышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар